Каныбек Осмоналиев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды

Каныбек Осмоналиев өкмөт башчынын кеңешчиси кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, арызды Жеңиш Асанкулов (ред. президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары) жаздырып алган. Мындан тышкары, Осмоналиев президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовго болгон нааразычылыгын да жазган.

Каныбек Осмоналиев аталган кызматка үстүбүздөгү жылдын февраль айында дайындалган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.