Каныбек Осмоналиев деген ким, элге белгисиз тарабы

Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич
1956-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 3 баланын атасы. Физика-математика илимдеринин доктору.
1977-жылы Ош педагогикалык институтунун “физика мугалими” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:
1977-1979жж. – Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө айылынын мектебинде физика сабагынан мугалим
1983-жылдан 1986-жылга чейин Эстониядагы Тартус мамлекеттик окуу жайында аспирантурада окуган.
-1979-1992 жж. – Ош педагогикалык институтунда лаборант, улук лаборант, окутуучу, улук окутуучу жана аталган институтунун эксперименттик жана теориялык физика кафедрасынын доценти
1992-1994 жж. – КУУнун физика кафедрасынын доценти;
1994-2002 жж. – “Дастан” технологиялык университетинин жетекчиси
1994-1999 жж.- Бишкек шаардык Кеңештин Биринчи май району боюнча депутаты;
2002-2005 жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
2005-2007 жж. – КР Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары;
2007-2008 жж. – КР Билим берүү жана илим министри;
2008-2010 жж. – КР Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
2010-2015 жж.- “Ар-Намыс”фракциясынан КР ЖК депутаты
-2016-жылдан бери Ж. Баласагын атындагы КУУнун “физика жана электроника” факультетинин “физика” кафедрасынын профессору болуп эмгектенет.
Садыр Жапаровдун тарапташы жана митингдин уюшутуруучусу К.Осмоналиев тууралуу айрым фактылар:
К.Осмоналиевге карата 2013-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетиндеги 27 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча. КРнын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдары боюнча кылмыш иши козголгон.
КР ЖК билим берүү жана илим комитетинин төрагасы катары, КРСУга 27 абитуриентти кошуу өтүнүчү менен кат жазып берген, бул үчүн мыйзамсыз 14 миң АКШ доллары менен акчалай сыйлык алган.
Бул боюнча, “пара алуу” жана “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголуп. Буга ылайык, Прокуратура органдары 15 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо жана 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратуу боюнча чечим чыккан. Бирок бул чечим Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдын 15-октябрындагы чечими менен К. Осмоналиев акталып чыккан.
2009-жылы 15-июлда Өкмөттүн № 451 “Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин чет өлкөлүк кызматтык сапарларын жана башка сыртка чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” буйругуна карабай.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалган учурдан тартып чет өлкөгө контролсуз чыга берген.
Алсак, 2010-ж. 12-январдан 18-январга чейинки мезгилде, Осмоналиев аялы менен Германияда болгон. Бул сапарын УКМКга «GTZ» фондунан грант алганы сапарга чыккандыгын айткан. Бирок эч кандай жыйынтыксыз келген.
Бул бир гана факт мындан тышкары дагы көп жолу чет өлкөлөргө ар кандай иш сапарларга чыгып турган. Бул сапарлар Кыргызстанга эч кандай пайда алып келген эмес. Ошондой эле кызмат абалын колдонуп, үй-бүлөсүнүн коштоосунда чет өлкөгө командировка деп бир нече жолу чыккан.
2008-жылы май айында АКШнын Юта штатына сапарга чыккан. Иш сапар Мормондордун диний сектору тарабынан уюштурулган жана каржыланган. АКШ атайын кызматтары менен секталардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн жана байланыштарын эске алуу менен бул жагдай бир катар маселелерди жаратат. Эксперттердин берген баасы боюнча ал бул сапарлардан Кыргызстанда жок дин секторлорун өлкөдө ачууга уруксат берип каржылык жардам алган.
2008-жылы июнь айында Осмоналиев Түштүк Кореяга барат. Өзү менен бирге аялы, улуу баласы жана «Благодать» чиркөөсүнүн өкүлү жана ЖКнын экс-депутаты З.Курманов коштоп барган.
Дин саясатын жүргүзүү үчүн 2008-жылы август айында Улуу Британияга барган. Ушул эле жылы октябрь айында Филиппиндеги Манила шаарына барган. Бул сапар дагы «Благодать» чиркөөсүнө тиешелүү болгон. Бул сапары үчүн комондировка деп 70 миң сом бөлдүргөн. Мындан дагы өлкөгө пайдалуу эч бир жыйынтык болгон эмес.
2009-жылы май айында Сауд Аравиа, Туркия, Египет өлкөлөрүнө чыккан. Бул сапарларында баласы коштоп барган. Чыгымды Египеттин жараны Саид Баёми көтөрүп жалпы 9миң АКШ доллары сарыпталган.
К. Осмоналиев дин иштери боюнча Мамкомиссиянын директору болуп турганда мамлекеттик мекемелер гезиттерге жана журналдарга жазылуу шылтоосу менен ай сайын 30 миң сом коротуп турган. Бул учурда катардагы кызматкерлердин айлык маянасы болгону 3миң 5миң сомду гана түзчү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru