Капитолийге кирип барган деп айыпталган адам өз жанын кыйды

АКШ президенти Дональд Трамптын тарапкерлери имаратка чабуул жасаган кезде, Капитолиянын аймагына мыйзамсыз кирген деп айыпталган Джорджиялык адам өзүн-өзү өлтүрдү, деп билдирет New York Times соттук-медициналык эксперттердин корутундусун белгилеп.

Маалым болгондой, 53 жаштагы каржы кеңешчиси Кристофер С. өткөн жумада Капитолийдин чабуулунан кийин кармалган. Соттун документтерине ылайык, ага Капитолиянын аймагына мыйзамсыз кирген, ошондой эле коменданттык сааттын эрежесин бузган деген айыптар тагылган.

Бейшемби күнү сотко келген Кристофер эки айып боюнча тең күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ишемби күнү анын жансыз денеси өз үйүндө табылган.

Буга чейин полиция кызматкерлери Washington Post гезитине Капитолийдеги баш аламандыкка күбө болгон 51 жаштагы америкалык полиция кызматкери Ховард Либенгуд өз жанын кыйганын билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.