Каптагаев: “Таалатбек Масадыков өлкөдө экинчи адамга айланды”

Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары деген кызмат орундун уюштурулушу, бул орунга эл оозуна илинип калган Таалатбек Масадыковдун дайындалышы туура чечим болду деп ойлойм. Биринчиден Президент кошумча ресурска ээ болду, тегерегинде интеллектуалдык потенциалы бар, эларалык маселелерди түшүнгөн адам пайда болду, экинчиден, Масадыков мырза вице-президенттик ыйгарым укуктуу кызматка келди, өлкөдө экинчи адамга айланды, эми өз дараметин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Иштин ийгилигин тилейли”, – дейт ал.

Эске салсак, бүгүн 12-июлда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлүп, ага Таалатбек Масадыков дайындалган. Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Аталган жарлык Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылган. «Жарлык менен Коопсуздук кеңешинин курамына Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды»

Leave A Reply

Your email address will not be published.