Кара-Балта шаарынын мэри качан шайлана тургандыгы белгилүү болду
БШК Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары шаар башчысын 30-ноябрда шайлай турганы такталды.
Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарын 2011-жылдан бери жетектеп келген Данияр Шабданов 7-октябрда шаардык кеңештин чечими менен кызматтан алынган. Анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Эмил Орозбаков дайындалган.