народный

«Кара-Балта спирт заводу» ишканасы буудай сатып алууга тендер жарыялады

 “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы буудай сатып алуу тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, сатып алуунун методу бир этаптуу.

 Пландалган сумма 180 миллион сомду түзөт.

 Тендердик билдирүүлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү 2020-жылдын 25-ноябрына чейин.

 Төмөндөгү техникалык мүнөздөмө менен 10 миң тонна буудай сатып алуу пландаштырылууда:

 3-4-класстагы дан тоюттары, крахмалдын өлчөмү 48% дан кем эмес, нымдуулук 14% дан ашык эмес, таштандылар 3% дан ашык эмес, дан аралашмалар 5% дан көп эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru