Кара-Буурада жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Кара-Буурада жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол жээгинде токтоп турган оор жук ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1 адам жеринде каза болуп, 1 адам ооруканага жетпей каза болгон (өздүгү такталууда).

Жерине 5 куткаруучу тартылып,бирок куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон адамдардын жансыз денелерин тез жардам кызматы алып кеткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru