Кара-Кулжа эли Дайырбек Орунбековду тандады!

Бир мандаттуу Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дайырбек Орунбеков Кара-Кулжа районунун элин кыдырып чыкты. Кечээ, 23-ноябрда райондун Маданият үйүндө эл менен жолугушуу өткөрдү. Талапкер, шайлоонун таза өтүшүнө таза шарт түзүлгөнүн белгилеп, бирок мурда добуш сатып алып жүргөндөр дагы аракет кылып жатканына токтолду.

“Добуш сатып алгандар кимдер? Өзүнүн элине ишенбегендер! Алар – элдин кадырын, элдин баркын, шайлоочулардын баасын 1000 сомго баалашат. Сиздердин 5 жылдык аманатты акчага сатып алып, карызынан кутулушат. Андай көпөс, кызыл кулактарга жок деңиздер”-деди.

Жыйынга келген жаштар Дайырбек Орунбеков менен биринчи жолу кезигип жатканын белгилеп, “биз мурда угуп жүрдүк эле, азыр жанынан көрүп жатабыз. Дайырбектин жаш экенин эмес, анын жигиттигин баалайбыз! Атамбаев баш көтөргөндүн баарын камап жатканда өзүнүн тагдырын тобокелге салып күрөшкөн. Ошондой эрктүүлүгүн тандадык, талапкерлердин ичинен татыктуусу Дайырбек Орунбеков экенине ынандык”-деди алар.

Милициянын ардагери Курманбек Ысабеков, Кара-Кулжадан 4 талапкер чыгып алганына кабатыр экенин кошумчалады.

“Сүйүн Өмүрзаков менен жолугушуп калдык. Бир мандаттуу округдан бизден 4 жигит чыгыптыр деп сурасам, “алардын ичинен татыктуусу деп Дайырбек сени айтты. Сен жөнүндө жакшы пикирлерин билдирип, ушундай инилерибиз депутат болсо деп колдоду”-дейт Ысабеков.

Жолугушуу соңунда Кара-Кулжа эли талапкер Дайырбек Орунбековдун алдына аргымак тартып, бата менен узатышты.

Дайыр Орунбековдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мейманова Д. К. тарабынан төлөндү 24-ноябрь, 2021-жыл.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru