Кара-Сууда катталган жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркады. Бул тууралуу  Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда жол кырсыгы Лексус РХ 330 жана Киа Рио унааларынын катышуусунда болгон.

“Бишкек—Ош унаа жолунун 640-чакырымында, тактап айтканда Жаңы-Арык айылында 1981-жылы туулган Б.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Лексус үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзүп, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткен. Ошол маалда батыштан чыгышты көздөй келе жаткан Киа Рио үлгүсүндөгү унаа аны сүзгөн. Экинчи унааны 1996-жылы туулган жаран Ж.У. башкарып бара жаткан”, – деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алып, Ош облустук ооруканага кайрылышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru