народный

Кара-Сууда шаардык кеңештин депутаттыгына болгон шайлоонун жыйынтыгы чыкты

28-ноябрда Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Кара-Суу шаары боюнча жалпы шайлоочулардын саны 12 265 болсо, анын ичинен 3 657 шайлоочу катышып, 29,82 пайызды түзгөн. Аталган аймакта 6 шайлоо участкасы түзүлгөн. “28-октябрында Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды. 4-декабрда Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктады. Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 мандат бар. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде 7 пайыздык тосмодон өткөн эки партия катталган. Алар: «Биздин Кыргызстан» партиясы 2102 добуш менен 20 мандатка, «Эл Үмүтү» партиясы 1110 добуш алуу менен 11 мандатка ээ болду”, – деп айтылат маалыматта. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча даттануулар жана арыздар түшкөн жоктугу кошумчаланат

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru