Кара-Сууда турак үй өрттөнүп, 52 жаштагы аял күйүк алды

Кара-Суу районунун Жийделик айылында үй өрттөнүп, бир аял жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Д.Султанов көчөсүндө болгон. Анын кесептеинен үйдүн 85 чарчы метр чатыры, 20 чарчы метр бир бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн. Үйдүн тургуну, 1969-жылы туулган аял киши экинчи даражадагы күйүк алып, Ош облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы оор.

Өрттүн себеби такталууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.