Кара-Суудагы акча алмаштыруучу жайда мушташ чыкты-(ВИДЕО)

Кара-Суудагы акча алмаштыруучу жайлардын биринде мушташ чыкты. Интернетте окуянын видеосу пайда болду. Күбөлөрдүн айтымында, долларды сомго алмаштырып жаткан аялды алдап коюшкан.Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя боюнча аларга эч ким кайрылбагандыгын билдирди. Ага карабастан, тиешелүү кызматтарга текшерүү жүргүзүп, окуянын катышуучуларынын жагдайларын жана аныктоо тапшырылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru