Карабахка бир күн ичинде 1199 качкын кайтып келди

Бир сутка ичинде Армениянын аймагынан Тоолуу Карабахка 1199 качкын көчүп келишти. Орусиялык тынчтык күчтөрүнүн жардамы менен кайтып келген тургундардын жалпы саны 3 миңден ашты, деп брифингде билдирди Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков.
“Армениянын аймагынан Тоолуу Карабахка бир күндө согуш аракеттеринен улам үйлөрүн таштап кетишкен 1199 качкындын коопсуз кайтарылышы камсыздалды. Жалпысынан 14-ноябрдан бери Россиянын тынчтык күчтөрүнүн жардамы менен Тоолуу Карабактын үч миңден ашуун тургуну мурдагы жашаган жерлерине кайтышты”,- деди Игорь Конашенков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru