Карабахтан кетип жаткан армяндар туугандарынын мүрзөлөрүн казып, сөөктөрүн алып кетип жатышат

Жергиликтүү тургундарды жана армян аскер кызматкерлерин эвакуациялоо иштери уланып жаткан Карвачардын Карабах аймагында (азербайжанча Келбажар) адамдар үйлөрүн жана мүлктөрүн өрттөп гана тим болбостон, бак-дарактарды кыйып, өздөрү менен кошо Арменияга алып барышууда, деп жазат Sputnik Армения.
Бир маалда бардыгын жоготкон адамдар, отургузган бак-дарактарды дагы Азербайжанга калтыргысы келбейт.
«Армяндар жолдун жээгиндеги бактарды кыйып, жүк ташуучу унааларга, ал тургай жеңил унааларга жүктөп алып кетишет. Ал эми алып кетүүгө мүмкүн болбогон нерселерди өрттөп жок кылышууда. », – деп айтылат маалыматта.
Армениянын, Россиянын жана Азербайжандын башчыларынын 9-ноябрдагы үч тараптуу билдирүүсүнө ылайык, Азербайжандын карамагына өткөн айылдын тургундарынын бири журналисттерге үйлөр эмне себептен өрттөлгөнүн түшүндүрүп берди.
«Булар биздин үйлөр, биз аларды өрттөп жатабыз. А башка эмне кылышыбыз керек? Аны түрктөргө калтырып кетелиби? (армян тилинде түрктөр менен азербайжандар өзүнчө аныкталган эмес). Биз бул жерди берген жокпуз, бирок үйлөрүбүздөн баш тартып жатабыз. Эми жүрөктү бир аз жеңилдетиш үчүн өрттөп жатабыз », – деди ал киши.
“Менин балдарымды өлтүргөн армян аскерлери менин үйүмдө жашабашы керек”, – деди айылдын дагы бир тургуну.
Азербайжандын haqqin.az гезити “Айсор” агенттигине шилтеме берип, Кельбажардын айрым тургундары атүгүл туугандарынын мүрзөсүн казып, сөөктөрүн өздөрү менен кошо Арменияга алып кетип жаткандарын кабарлады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru