Каракалпакстанда 3 адамды дубал басып калды

Каракалпакстандын Ходжейли районундагы дубалдын урашынан үч адам каза болду. Мындай маалыматты  облустук прокуратура 1-мартта билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 28-февраль күнү саат 12:30 чамасында “Маданият” махалласында болгон. Маалым болгондой, А.А.га таандык эски үйдүн дубалын кулатууда үч жаран – Б.К., С.Л. жана Ж.Т.лар иштешкен, демонтаж учурунда жумушчуларга дубал кулап, натыйжада алар окуя болгон жерде каза болгон …

Бул факт боюнча РИИБдин Тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренесинин 2-бөлүгүнүн “а” пункту боюнча (адамдын өлүмүнө алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголгон. Учурда алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат.

Каракалпакстандын прокуратурасы тергөө ишин көзөмөлгө алды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.