Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду
Каниметов Адыл Жанкорозович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койду, – деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
«Бул чечим «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кабыл алынды», – деп айтылат билдирүүдө.