«Караколдо эшиктер ширетилген жок, активисттер жалган айтышууда»- дейт жергиликтүү бийлик

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы үйдүн жашоочулары каалаган маалда ал эшикти ачып, эшикке чыга алышарын Vesti.kg сайтына ишенимдүү билдиришти.

– Ал жерде дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн болчу, эшиктерин бекем жабылгыдай кылып биротоло оңдоп коюшту, – дешти алар. Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн үй изоляцияга алынды, бирок, эч ким камалып калган жок, жашоочулар ал эшикти ачып чыга алышат.

Мекеме сөз болуп жаткан үйдө коронавирус аныкталган эки адам менен чогуу Ысык-Көлгө келген эркек киши жашаганын тастыктады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru