народный

Карантин бүтөөрү менен Бишкекте чоң митинг болот. Уюштуруучулардын пикири

Мындай маалыматты “Кактус медиа” сайтына “Биз ракты бирге жеңебиз” уюмунун башчысы Гүлмира Абдразакова билдирди:

“Рак менен ооругандардын дарылануусун бир минут токтотконго болбойт. Мурда дарыларды Турциядан, Россиядан алдырчубуз. Азыр анын баары жабылды. Бирок бизге мамлекет алдырып бериши керек эле.  Анын үстүнө биздин дарылар азыр абдан кымбаттап кетиптир. Үйүн сатып дарыланып аткандар бар.  Карантинге байланыштуу деп бизди кабыл албай жатат оорукана. Өтө оор оорулууларды гана кабыл алып жаткырууда. Биз жатышыбыз керек. Анткени убакытты жоготконуң бул оору үчүн өлүмгө тете.  Эмне кылаарыбызды билбей, бизге шарт түзүп бербегени үчүн биздин активисттер ак үйдүн алдына митингге чыгып, үнүбүздү жеткирели деп чечтик”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru