Карантин убагында интернет клубдарда жүргөн өспүрүмдөр ата-энелерине өткөрүлүп берилди

Кечээ,17-мартта милиция кызматкерлери тарабынан интернет клубдарында өспүрүм балдардын чогулбоосун алдын алуу максатында иш-чаралар өткөрөлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавируска байланыштуу интернет клубдардагы өспүрүмдөргө карантин убагында коомдук, эл көп жайларда жүрбөө керектиги тууралуу профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Бардык балдар ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Мындан сырткары клубдун аминистраторлоруна дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, – деп кошумчаланат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru