Карантин учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөдү
Францияда карантин учурунда үй-бүлөлүк зордук зомбулук күчөдү. Мындай кабарды аталган өлкөнү ички иштер министри Кристоф Кастанер билдирди:
“Бул көрүнүш карантин менен байланыштуу. 17-марттан баштап элдер 2 жума карантинде болуп, эшикке чыгышпайт. Баардык эле өлкөлөр сыяктуу кафе, ресторан, кинотеатр жана дүкөндөр жабылган. Бүгүнкү күндө полиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү керек болгон үй-бүлөлүк жаңжалдар 32 пайызга көбөйдү”, – деп билдирген министр.