Картошканын килосу 40 сомго чыкты. Дыйкандардын кубанычында чек жок
Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун дыйкандарынын кубанычында чек жок. Себеби алар карантинге чейин 15 сомдон өткөрүп аткан картошкаларын азыр 30 сомдон сатышууда.
“Былтыр биз картошкаларды 8 сомдон сатканбыз. Быйыл мээнетибиз акталып 30 сомдон берип жатабыз. Ортомчулар базарга алып барып каалаган баада сата беришсин. Абдан кубанычтамын”-деп дыйкан Бактыбек Мамбетов “Турмуш” басылмасына маек курган.
Эскерте кетсек базарда азыр картошкалардын баасы 40 сомго чыкты