Карыздарды реструктуризациялоо боюнча Кыргыз Республикасы кайсы өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат? – тизме

Тизмеге араб өлкөлөрү, Кытай жана Париж клубуна мүчө болгон мамлекеттер кирет, алардын милдети көйгөйлүү карыздар боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
Карыздарды реструктуризациялоо боюнча Кыргызстан кайсы мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков Sputnik Кыргызстан мультимедиа басма сөз борборунда онлайн брифингинде билдирди.

“Ички маалыматтарга караганда, араб өлкөлөрү (Абу-Даби Фонду, Сауд жана Кувейт фонддору), Түркия, Париж клубунун мүчөлөрү, тактап айтканда Германия, Түштүк Корея, Япония, Франция, Дания жана ошондой эле Кытай мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат “, – деди Татиков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru