Кашка-Сууда жайгашкан лыжа базасындагы асма жолдо адамдар калып калган

Кашка-Суудагы лыжа базасында асма жолдо адамдар калып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында жайгашкан “Кашка-Суу” лыжа базасынын киши ташуучу асма жолунун (канатка) кыймылдаткычы күйүп кетип токтоп, адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 13 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин “Кашка-Суу” лыжа базасынын администрациясы резевдик кыймылдаткычты кошуп, жарандарды өз күчтөрү менен түшүрөрүн билдиришкен.

Тартылган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru