Касым-Жомарт Токаев: “Кыргыз режиссёрлор аз акчага сонун кино тартып жатышат”

Мындай пикирин Казакстандын президенти маданий иш чарада билдирди:

“Тилди жаңы муунга үйрөтүүдө кинематографтын ролу чоң. Мисалы, кыргызстандык кинематографисттер болгону 1,5 миллион долларга эле өтө маанилүү жана кызыктуу “Курманжан датка” тасмасын тартышты. Биздин кинематографисттер андан ого эле көп акча сурашат. Тилекке каршы, тасманын сапаты дайым эле каалагандай боло бербейт. Биздин кинематографисттер ички пикир келишпестикке кирип алып, бул нерсе жемиштүү иштөөгө терс таасир этип жатат”, — деди Токаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.