Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиеев Жапаровду куттукташты

Бүгүн Казакстандын жана Өзбекстандын Президенттери Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен телефон аркылуу куттукташты.
Касым-Жоомарт Токаев С. Жапаровго бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Ал эми Шавкат Мирзеев сүйлөшүүнүн алкагында Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.
Кыргызстандын мамлекет башчысы болсо эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоонун, Кыргызстан менен Өзбекстандын калкынын жыргалчылыгы үчүн эки тарапка пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru