Кат жазып таштаган. Ошто 17 жаштагы кыз спорт аянтчада асынып алды

21-июнга караган түнү Ош шаарындагы Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы спорт аянтчалардын биринде турникке асынып каза болгон 17 жаштагы кыз өлүм алдында досторуна кат калтырган. Бул маалыматты Ош технологиялык университетинин проректору Рамис Ыдырысов тастыктады.

«Асынганга чейин курбуларына кат таштаган экен. Ал катты биздикилер көрбөптүр. Азыр ал кат тергөөчүнүн колунда. Тергөөчүгө байланышсак, бизге да окуя боюнча ачык айтпай жатышат. Азыр катты алган курбу кыздары эс алууда», — деди Ыдырысов.

Ош ШИИБден ырастагандай, кыз катында «Мен ушунча жашаганыма ыраазымын, буюрса бейиштен жолугабыз» деп курбуларына кат калтырган.

Ош технологиялык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Жумакадыр Матисаков бүгүнкү күндө студенттин өлүмү боюнча ич ара териштирүү болуп жатканын айтат. Каза болгон өспүрүм кыз ОшТУнун алдындагы Гуманитардык технологиялык колледжинин архитектура жана курулуш бөлүмүндө билим алчу. Ал быйыл 1-курсту аяктап, эс алууга чыккан.

«Биз кыздын ата-энеси менен байланыша алган жокпуз. Себеби, алар өздөрү аза күтүп отурат. Окуя боюнча сураганга ыңгайсыз болду. Аны менен чогуу окуган студенттер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул студентибиз Гуманитардык технологиялык колледжине 9-класстын базасы менен кирип, быйыл 1-курсту аяктаган болчу. Жайкы сессиясы аяктап, эс алууга кетишкен.

Окуя кандай болгонун билбейбиз. Укук коргоо органдарында так маалымат болушу керек», — деди Жумакадыр Матисаков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.