Катар 81 кыргызстандыктын жүрөгүнө акысыз операция жасайт, – министрлик

2020-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла Аль-Сулайти мененсаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда эки тарап жүрөк оорулуу 81 бейтапка  акысыз операция жасоо боюнча механизмдерди жана жалпы саламаттык сактоо жаатында жана медицина тармагында эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты.

“Катар Мамлекети саламаттык сактоо тармагына дайыма жардам көрсөтүп келээри баарыбызга белгилүү.  Белгилей кетсек пандемия башталган учурда Катар кайрымдуулук уюму аркылуу 50 миң АКШ долларына медициналык жеке коргонуучу каражаттарын жана ошондой эле 420 даана кислород концентраторлор коронавируска каршы күрөшүүгө жардам катары министрлике тапшырылып берилген. Ушуга байланыштуу элчи мырза жеке сизге жана Кайрымдуулук уюмуна терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин”, – деди өз сөзүндө министр.

Жолугушуунун соңунда министр Кардиохурургия борборунун жетекчилигине операцияга муктаж болуп кезекте турган жарандардын жана операция жасай турган кардиохирургдандын тизмесин тез арада тактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru