Казак – кыргыз ажолорунун эмгек өргүүсү кандай өттү(сүрөт)


19-июль күнү президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө пландалбаган эс алууга чыккан. Өлкө башчынын резиденциясы Чолпон-Ата шаарынын көл жээгине жакын орун алган.

Президент кемеде сүзүп, андан соң көлдө эс алып жаткан карапайым эл менен маектешип, сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот. Кийинчерээк Жапаровдун социалдык баракчаларында « Ысык-Көлдө бир убакта бардык жыл мезгилин учуратууга болот! Кышты, жазды, жайды жана күздү. Дүйнөнүн бардык бурчунан Көлгө эс алууга келгиле. Июнь, июль, август айлары жайкы эс алуу болсо, ноябрь декабрь, январь , февраль, март айлары Караколдогу кышкы тоо лыжа базасында эс алууга болот» -деп Ысык-көлгө арналган кыскача пост чыккан.

Казакстан Республикасынын президенти Касым Жоомарт Токаев 13- июльдан 16-июльга чейин Чыгыш-Казакстан облусундагы Бухтармин суу сактагычында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн өткөргөн. Бул анын акыркы 2 жылдагы биринчи өргүүсү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.