Казак оппозиционери Мухтар Аблязов Атамбаев менен келишим түзгөнүн жар салды

Казак саясатчысы Мухтар Аблязов Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен келишим түзгөнүн айтты. Видео YouTube каналга жарыяланды.

Анын айтымында, ал коңшу өлкөдөгү нааразычылык акцияларына эчак эле даярдана баштаган, андан кийин Кыргыз өлкөсү аркылуу Казакстанга учуп кетмек болгон.

«Мен азыр абакта жаткан Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти менен макулдашкам. Мен Кыргыз өлкөсүнө атайын рейс менен учушум керек болчу, анан алар мени тик учак менен Алматыга өткөрүп бериши керек эле. Негизи бул көп жылдык иш. Төрт жыл бою митингчилерге аянтка кантип кирүү, аянттарда позицияларды ээлөө, милиция менен кантип жүрүш керек жана башкаларды түшүндүрдүк», – деген Аблязов.

Буга чейин Мухтар Аблязов өзүн Казакстандагы нааразычылык акцияларынын лидери экенин айтып чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru