Казакстан: Антирекорд жаңыланды

Казакстандын аймагында бүгүн, 13-январга караган суткада дагы 9122 адам коронавирус менен катталганын ыкчам штаб билдирди.

Бул коронавирус башталгандан берки Казакстанда катталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин өлкөдө бир суткада коронавирус жуктургандардын саны боюнча антирекорд 2020-жылдын июль айында катталып, анда сегиз миңге жакын адамдан илдет аныкталган.

Жаңы катталган бейтаптардын саны боюнча алдыдагы аймактар:

– Нур-Султан шаарында — 5118,

– Алматы облусунда — 1205,

– Караганда облусунда — 669 адам катталган.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 1 013 586 адамга коронавирус жукту.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru