Казакстан Кыргызстандын ички паспорту менен өтүүгө тыю салды

  Кыргыз жарандарына Казакстанга ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, 8-марттан тартып кыргыз жарандары мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтө алышпайт. «Казак өкмөтү чек араны төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен да өтүүгө тыюу салды. Күн мурун дүйнөгө тараган коронавирустан улам казак тарап кыргызстандык жарандарга жалпы жарандык паспорт менен чек араны өтүүгө тыюу салуу боюнча нота жиберген», — деди Абдрахманов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru