Казакстанда айрым аскерлер медалдар менен сыйланышты

Казакстандын Алматы шаарында ЖККУнун тынчтык күчтөрүн чыгаруу иштери башталды. Бул тууралуу Zakon.kz билдирди.

Маалыматка ылайык, тынчтык күчтөрүн узатууга ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зас, Коргоо министринин орун басары, Казакстан Республикасынын генерал-майору Мухамеджан Таласов, Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаев катышты.

Жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн командачысы генерал-полковник Анатолий Сердюков чечкиндүү аракеттери, аскердик милдетти аткаруудагы кынтыксыздыгы үчүн бардык жеке курамга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле бир катар тынчтык орнотуучулар «Эл аралык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн» медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.

«Сиздер стратегиялык жана башка маанилүү объектилерди коргоону камсыздадыңыздар. Сиздердин келүүңүздөрдүн аркасында казакстандык аскер кызматкерлери жана ички иштер кызматкерлери бандиттик элементтерди издөө жана кармоо боюнча түздөн-түз милдеттерин аткара башташты», – деди Таласов.

Белгилей кетсек, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Кыргызстан, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө бир туугандык жардам катары Казакстандын аймагына 2030 адамдан турган өздөрүнүн аскердик контингентин жана 250 техниканы жөнөтүшкөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru