Казакстанда бир аял таракандарды ууландырам деп кошунасын жана анын 10 айлык баласын ууландырдырып алды

Казакстандын Актау шаарында бир бала жана анын энеси белгисиз химиялык заттарга ууланып каза болуп, 9 адам жаракат алды, деп билдирет Интерфакс.

Облустук коомдук байланыш борборунан билдиришкендей, Актау шаарынын тургуну кошуналарына эскертүүсүз курт-кумурскаларды жок кылууга даярданып, өзүнүн батирин дезинфекциялаган. Натыйжада, бир аял жана 10 айлык бала ууланып көз жумган.

Каргашалуу окуя 27-февралда Актау шаарынын кичирайондорунун бириндеги көп кабаттуу үйдө болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милиция “санитардык эрежелерди же гигиеналык нормаларды бузуу” беренеси боюнча тергөө алдындагы текшерүүнү жүргүзүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.