Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны боюнча антирекорд дагы жаңыланды

Казакстандын аймагында бүгүн, 15-январга караган суткада дагы 12 381 адам коронавирус менен катталды, деп билдирди ыкчам штаб.

Жаңы катталган бейтаптардын саны боюнча алдыдагы аймактар:

– Нур-Султан шаарында — 5788,

– Алматы облусунда — 1549,

– Караганда облусунда — 1521 адам катталган.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 1 036 385 адамга коронавирус жукту.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru