Казакстанда кармалган адам Кыргызстанда белгилүү музыкант болуп чыкты

Алматы шаарында күч органдары тарабынан кармалган адамдардын бири митингге Кыргызстандан учуп барганын айтты. Анын сурак учурундагы видеосун Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялаган. Бирок, ал Кыргызстанда белгилүү музыкант болуп чыкты.

Казакстандын күч органдары тарабынан кармалган Викрам Рузахунов пианист, аранжировкачы жана «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору. Музыканттын жакындары видеодогу Рузахуновдун дал өзү экендигин тастыкташты.

«Видеодогу адам Кыргызстандагы эң мыкты ресторандарда пионино ойнойт, ал таланттуу музыкант. 200$ үчүн туруктуу жумушу бар адам Казакстанга митингге катышуу үчүн барышы акылга сыйбайт! Аны кыйноо менен ушул видеодогу сөздөрдү сүйлөтүшкөн», – деп фейсбуктагы баракчасына журналист Дайырбек Орунбеков жазды.

Казакстанда болгон тополоңго катышкан делген Кыргызстандын жараны боюнча учурда КР Тышкы иштер министрлиги териштирүү жүргүзүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru