народный

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 68 кишиге жетти

Казакстандын борбору Нур-Султанда коронавирус жуктурган дагы бир учур катталды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 68 кишиге жетти. Нур-Султанда – 35, Алматыда – 29, Карагандыда – 2, Алматы жана Актөбө облустарында бирден адам дарыланууда.

Алматы акимчилиги видеокамералардын жардамы менен көзөмөлдү күчөтүп, санитардык тазалоо иштерин камсыздап, калкты тейлөө борборлорун убактылуу жабууга ниеттенүүдө.

Мындан тышкары чет өлкөдөн келгендерди толук изоляцияга алуу, өзгөчө абалга байланыштуу кирешесинен ажыраган жарандарга жөлөк пул төлөп берүү, калктын аярлуу катмарын азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси колго алынат.

Белгилей кетсек, 24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча 382 миңден ашык киши коронавирусту жуктуруп алды. Өлгөндөрдүн саны 16 миңден ашты, 100 миңден көп адам айыкты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru