Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 951ге жетти
Бүгүн, 13-апрелге караган түнү Казакстанда дагы 24 адамдан коронавирус аныкталды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алардын бири Кызыл-Ордо облусунун, 9 адам Алматы облусунун, 5 адам Алматы шаарынын, 7 адам Түркестан облусунун жана 2 адам Нур-Султан шаарынын жарандары. Муну менен Казакстандагы жалпы бейтаптардын саны – 951ге жетти.