Казакстанда социалдык тармактарга чектөө кириши мүмкүн

Казакстанда депутаттар балдардын укуктарын коргоо боюнча өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзамдын алкагында чет элдик социалдык тармактарга чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан.

Ага ылайык, чет элдик социалдык желелер менен мессенжерлер Казакстанда филиалдарын ачып, мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл. Ошол эле учурда филиалдын жетекчиси Казакстандын жараны болууга тийиш.

Эгер мыйзам күчүнө киргенден кийин соцтармактар каттоодон өтпөсө, ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилет.

Ошондой эле өлкөдө балдарды кодулагандарга карата административдик чара колдонуу сунушталган. Депутаттар окуучулардын 12 пайызы күн сайын интернеттен терс маалыматтарга туш болорун белгилеген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru