Казакстандагы башаламандыкта бир үй-бүлөдөн үч киши көз жумган (ВИДЕО)

Казакстандын Талдыкорган шаарында массалык башаламандык учурунда бир үй-бүлөдөгү үч киши көз жумганын Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы видеолор социалдык тармакка жарыяланды. Анда турак үй, үч кишинин табыты, аза күткөн тургундар көрсөтүлөт. Бир үй-бүлөдөгү аял, эркек жана алардын кызы көз жумганы айтылат.

Бүгүн тууганыбызды кызы, аялы менен акыркы сапарга узатып жатабыз… Бир үй-бүлө жок болду. Сөөктөр унаанын артына араң батып жатат. Бардыгы чогуу жөнөтүлүүдө”, — деген видеонун автору.

Ал эми соцтармактагылар каза тапкандардын жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүүдө жана бул тууралуу расмий маалыматтардын жоктугуна нааразы болуп жатышат.

Азырынча үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү тууралуу кенен маалымат жок. Расмий органдар видео боюнча үн ката элек. Аймакта антитеррордук иш-чаралар уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru