Казакстандагы коогалаңда каза болгон Мусаевдин сөөгү Алматыда жерге берилет

Туугандарынын өтүнүчү менен маркум кыргызстандык А.Мусаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты Алматыда өтөт. Бул тууралуу 13-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда маркумдун апасы С.Иманхожаев Алматыда.

Айрым маалыматтарга караганда, Мусаев 6-январда эжесинен үйүнө бара жатканда каза болгон. Ал фитнес машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru