народный

Казакстандагы митинг тууралуу документалдык тасма тартылды

Коңшу Казакстанда январь айында орун алган баш аламандыктар боюнча документалдык тасма тартылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

“2022-жылдын алгачкы күндөрүндө Казакстанда болгон кайгылуу окуялар тарыхыбызда “Алматы трагедиясы” катары калат. Буга байланыштуу тартылган документалдык тасма “Жаңы Казакстан. Бул кандай болот?” деп аталат”, – деп жазылат билдирүүдө. Тасма өлкөнүн бардык телеканалдарында бүгүн, 15-январда көрсөтүлөт. Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетип, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru