Казакстандагы митингдер: Нур-Султандагы Назарбаев проспектисинде анын аты жазылган бардык жазуулар алынууда

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы Нурсултан Назарбаев проспектисинде анын аты жазылган бардык жазуулар алып салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, аталган проспектке өлкөнүн биринчи президентинин ысымы 2017-жылы ыйгарылган. Ага чейин Лепсинская көчөсү деп аталса, баш аламандыктан кийин Фурманова көчөсү деп өзгөртүлгөн. Мындан тышкары, Нур-Султан шаарынын атын кайрадан Астана деген атка кайтарууга кол топтолуп жатканы кабарланды. “Коомдогу маанайды эске алып, Казакстандын президентинен, өкмөтүнөн жана парламентинен биздин республиканын борборун мурдагы атына кайтарып берүүнү суранабыз”, – деп айтылат кайрылууда. Казакстандын борбору 2019-жылдын март айында Астанадан Нур-Султанга өзгөртүлгөн. Бул чечим социалдык тармактарда жана карапайым калктын турмушунда терс кабыл алынып, шаардын мурунку аты күнүмдүк турмушта колдонулуп келет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru