Казакстандагы тополоң: Каза болгон орусиялык Марияга мародёрлор кол салган

Казакстандын Тараз шаарында тополоңдо каза болгон 26 жаштагы орусиялык Мария Ким иштеген “Discovery” кафеси анын өмүрүнүн акыркы сааттарын чагылдырган видеону жарыялады.

Алгач Орусиянын Казакстандагы элчилиги Алматы шаарындагы башкы консулдугуна кылмыш аял иштеген жеринен чыгып бараткан учурда жасалгандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген.

Маалыматка ылайык, шаарда тополоң башталганда кызматкерлер кафенин ээсинен алар үчүн унаа жөнөтүүнү суранышкан, бирок ал баш тарткандыгы айтылды. Каза болгон аял кафени өзү жабууга аргасыз болуп, ошол маалда мародёрлор ага кол салышкан.

Бирок мекеменин өкүлдөрү кырсык болгон күнү кечинде кызматкерлерди унаасы менен үйлөрүнө алып кетишкенин айтышууда.

“Саат 18:54тө Мария биздин унаанын алдыңкы орундугуна отурду. Аны ошол күнү кечинде кызматкерлер алып кетишкен. Саат 23:00дөр чамасында биз Мария жандандыруу бөлүмүндө экенин билдик”, – деген кафенин кызматкери.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru