Казакстанда коронавирус аныкталган жаран Кыргызстандан барган

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус жуктурганы аныкталган адам жакында Кыргызстандан келген. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жамбыл облусунун товар жана кызматтардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин башчысы Берик Жаркынбеков билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

“Жамбыл облусунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Ал Шу районунун тургуну айдоочу болуп иштейт. 23-март күнү Кыргызстандан келген. 24-март күнү бир күнгө карантиндик стационарга жаткырылып, лабораториялык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен инфекциялык ооруканага дарыланууга жаткырылды”, – деди Жаркынбеков.

Маалыматка ылайык, учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ал менен аралашып жүргөн адамдар аныкталып, обсервацияга алынган. Ал жашаган жерде дезинфекция иштери жүргүзүлгөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru