народный

Казакстандын аэропортунан чыга албай жаткан 19 кыргызстандык үчүн трансфер уюштурулат

Казакстандын аэропортунан чыга албай жаткан 19 кыргызстандык үчүн трансфер уюштурулат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы мезгилде Алматынын аэропортунда, Делиден учуп келген 19 кыргызстандык чыга албай турат. Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жапкандыктан алар чыгарылбай жатат. КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан казак тарап менен биздин мекендештерибизди алып чыгып кетүү макулдашылды. Алар үчүн трансфер уюштурулмакчы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru