Казакстанга жиберилген кыргыз аскерлери качан кайтаары айтылды (ВИДЕО)

Казакстанга барган Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти эртең, 14-январда, кайтып келет. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.

Аскерлер эртең түшкө маал келет.

Белгилей кетсек, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып жатканы белгилүү болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru