Кечээ кармалган саламаттыкты сактоо министри кайда экени маалым болду

700×100 kyr

Учурда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космобек Чолпонбаев Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында. Бул тууралуу Reporter.kgге маалымат булактары билдирди.

Ушул күндөрдүн биринде сот анын баш коргоо чарасын аныктайт.

Буга чейин Саламаттыкты сактоонун экс-министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалганы маалымдалган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча чыгашасыз келишим түзүп, натыйжада мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышка шектелип экс-саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган.

Булак: Reporter.kg

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.