Кечээ вирус жуктурганы аныкталган 2 адамдын бири 5, бири 6 адам менен байланышта болгон
Кечээ, 25-мартта коронавирус аныкталган 2 адамдын бири 5 адам экинчиси 6 адам менен байланышта болгону аныкталды. Бул туурасында, бүгүн, 26-мартта эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкүгө карата коронавирсу боюнча өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берип жатып айтты.
“Бүгүнкүгө карата бул ооруну жуктургандар жок»-деп кошумчалады Акматова
Коронавирус боюнча
түзүлгөн штабдын билдиргенине ылайык, өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44
учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек шаары – 3 учур,
Чүй облусунда – 1 учур,
Баткен облусунда – 1 учур.