Келечектеги дарыгерлер мамлекетке бекер жардам берүүнү чечти

Казакстандын дарыгер болуу үчүн чет өлкөдө окуп жаткан жаштары коронавирус дартына байланыштуу өлкөсүнө кайтып келишкен. Эми алар карантин бүткөнчө мамлекетке жардам берүүнү чечишти. Бул тууралуу Азаттыктын казак кызматы жазып чыкты.  Азаттыкка алардын бири маек берип жатып:

“Биз чет өлкөгө кете албай калдык. Ошондуктан болгон билимибизди мамлекетке берели деп чечтик. Анын үстүнө бизге эң жакшы тажырыйба дагы болуп берет. Акыры келип ушул жерге иштейбиз. Миң уккандан бир көргөн дешет го. Мисалы биздин көпчүлүгүбүз Кытайда окуйбуз. Кытай чек арасын ачканча көп бар. Пандемия болсо күчөп жатат. Бул өлкөгө абдан коркунучтуу”-дешти алар.

Эскерте кетсек, Казакстанда коронавирус дартын жуктуруп алгандардын саны 150гө чамалады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru