Кеме чөгүп 25 адам каза болду

Конго Демократиялык Республикасында бир кеменин чөгүп кетишинин кесепетинен 25 адам каза болду.

Цхопо провинциясынын губернаторунун орун басары Морис Абибу Сакапеланын айтымында, Кисанганиден Басокого бет алган кеме ашыкча жүктөн улам чөгүп кеткен.

Кырсыктан 25 адам каза болду. Дайынсыз жоголгон 19 адамды издөө-куткаруу иштери улантылууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.